"Алар өлгүчө сабашы мүмкүн". Бала бакчанын жетекчиси айыпталууда
RU

"Алар өлгүчө сабашы мүмкүн". Бала бакчанын жетекчиси айыпталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова бакчада болгон окуя боюнча айтып берди.

Укук коргоочунун айтымында, фондго беш жашар баланын апасы кайрылган. "Анын баласын жеке бала бакчанын жетекчиси сабаган", - деди Турдубекова.

"Башка, көзгө койгулап, кулагын бурап, ажатканага камап, светти өчүрүп салган. Азыр балада нерв оорусу пайда болуп, тынбай ыйлайт экен. Бакчанын аты жок, Ала-Тоо жаңы конушунда жайгашкан. Бишкек мэриясы бардык баш аламан, өзүм билемдик менен ачылган бала бакчаларды көзөмөлгө алышы керек. Анткени алар балдарды сабап өлтүрүшү мүмкүн. Биз милицияга арыз жаздык. Жыйынтыгын күтүп жатабыз", - деп фонддун жетекчиси айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5894