Депутаттар Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат беришкен жок
RU

Депутаттар Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат беришкен жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров боюнча комиссиянын чечимин жабык эшик артында талкуулашты.

Эске салсак, комиссия депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартуу чечимин чыгарган. Мадумаровго козголгон иш "Мамлекетке чыккынчылык" беренесинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесине өзгөртүлдү.

Комиссиянын төрагасы Айбек Осмонов баяндамасын баштаар алдында вице-спикер Улан Примов басма сөз өкүлдөрүнөн жыйын залын бошотууну суранды.

Бирок талкуу көпкө созулган жок. Парламент комиссиянын чечимин колдоду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5900