Мадумаровго коюлган айып башка беренеге өзгөртүлдү
RU

Мадумаровго коюлган айып башка беренеге өзгөртүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Генералдык прокуратура койгон жаңы айыптоо боюнча комментарий берди.

"Жогорку Кеңештин жабык жыйынына генпрокурор өзү келген. Ал "Мамлекетке чыккынчылык" беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесине өзгөртүлгөнүн айтты. "Чыккынчылык" - деген оңой берене эмес да, бир айдын ичинде мага карата эмне деген сөздөр айтылды. Анан бүгүн кайра: көрсө андай эмес экен, ошондуктан беренени өзгөрттүк деп жатат. Ошол кантип болсун? Бул жерде адамдын тагдыры жөнүндө сөз болуп жатат. Менин үй-бүлөм, тарапташтарым, чет өлкөдөгү досторум бар. Алар эмне деп ойлошот?

Буга чейин мен өз атымды гана коргоп келгем. Мен бир да калем сап, бир да завод, бир да кирпичти менчиктештирип алган эмесмин. Мени ушундай берене менен айыптоо акылга сыйбайт", - дейт Мадумаров.

Анын айтымында, башкы прокурордун суроосун карап чыгуу боюнча депутаттык комиссия 10-мартка чейин иштейт. Мадумаров кесиптештерине бул иштеги принципиалдуулугу жана мыйзамга бек тургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Башкы прокуратура кыргыз-тажик чек арасындагы жер боюнча Адахан Мадумаровго карата кылмыш ишин козгогон. 10-февралда ага "мамлекетке чыккынчылык" кылды деген айып тагылып жатканы белгилүү болгон. Депутаттык комиссия Мадумаровдун кол тийбестиги боюнча маселени талкуулаган.

Кечээ, Мадумаровго карата козголгон кылмыш иштин квалификациясы "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген беренеге өзгөртүлгөнү белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5829