Бейшеналиев: Исманкулов ырым-жырымга убакыт сурады, болбосо балдар менен барып алып чыгам
RU

Бейшеналиев: Исманкулов ырым-жырымга убакыт сурады, болбосо балдар менен барып алып чыгам

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмазбек Исманкулов имаратты бошотуу үчүн ырым-жырымга убакыт сурады. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев радиоуктуруу учурунда билдирди.

Анын айтымында, министр Исманкуловго бир ай убакыт берди.

"8-март күнү оорукананын башкы дарыгери менен чогуу алар аппаратураларын алып чыктыбы, жокпу билели деп барганбыз. Исманкулов кыймылдабай да койгон. Мен 3-4 жолу жолугууну сунуштагам, ал баш тартып, укуктук талаада жолугабыз деди. Мындай болбойт, мени менен соттошпой эле кой дедим. Алгач имаратты бошот дедим", - деди министр.

Бейшеналиев Исманкуловдун Ак үйдө көп тааныштары бар деп ишендирди.

"Аткаминерлердин арасында анын тааныштары көп. Алар мага Ак үйдөн телефон чалып, күтө турууну суранышты. Кечээ кандайдыр бир ырым кылып алуу үчүн суранганынан макулдаштык. Эгер чыгып кетпесе, мен жигиттерим менен барып, жабдыктарын алып чыгам. Бул Саламаттыкты сактоо министрлигинин үйү", - деди Бейшеналиев.

Эске салсак, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Исманкулов клиникасы жайгашкан имаратка коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылоо үчүн керебеттерди жайгаштырууну тапшырган. Ал эми аталган оорукананын башкы имаратында бейтаптарды тиешелүү профилдер боюнча кабыл алуу кайра жанданган.

Исманкуловдун эмканасын ижарага берүү маселесин БМКнын орун басарлары жана Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаменти бир нече жолу карап чыккан. Бирок УМИ жеке соодагер менен келишимди дагы үч жылга узартты. Депутаттардын айтымында, клиника 1 чарчы метрге 150 сомдон төлөйт.

Кечээ Бейшеналиев өзү ооруканага келип, ошол жерден ызы-чуу салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5930