"Эй лопух, үч саат берем сага". Бейшеналиев менчик клиниканын ээсин сөктү
RU

"Эй лопух, үч саат берем сага". Бейшеналиев менчик клиниканын ээсин сөктү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-мартта саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Микрохирургия глаза Исманкулова" клиникасына келип чуу салды. Министр клиниканын ээси Алмазбек Исманкуловго телефон чалдырып, үч сааттын ичинде имаратты бошотуп коюусун талап кылды. Себеби ал жерге коронавирус инфекциясынан жабыркаган бейтаптар жайгаштырылат.

Алымкадыр Бейшеналиев: "Карагылачы, ооркунанын имаратын эмне кылып салганын", деп нааразы болду.

Саламаттык министри оорукананын фойесине кирип келгенде алдынан Исманкулов клиникасынын өкүлү тосуп чыкты. Алар Бишкек мэриясынын токтомун күтүп жаткандыктан имаратты бошото элекпиз деп түшүндүрүштү. "Себиби, биз укуктук өлкөдө жашйабыз". Буга министр: "Барчы ары укуктугун менен...", - деди.

Андан кийин Исманкуловдун өзү менен байланыштууруну талап кылды.

"Эй, лопух, мен сени канча күндөн бери издеп жүрөм. Үч сааттын ичинде бошотуп бербесең, чоң проблемага туш болосуң, билдиңби?" - деди министр Бейшеналиев. Сен 24 жылдан бери Кыргызстанды алдып келгенсиң. Дагы эмне керек сага? Жогол! Мен сени дагы сөкмөкмүн, бул жакта кыздар жүрөт. Үч саатта бошотуп бер, уктуңбу!" - деп министр клиниканын ээси Исманкулов менен сүйлөштү.

Министр клиниканы бүгүн бошотушпаса бардыгын талкалап кетем, деп убада кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5907