Саламаттык министри: Акрамовдун институтун жаптым, бирок, өзү жашай берсин (видео)
RU

Саламаттык министри: Акрамовдун институтун жаптым, бирок, өзү жашай берсин (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Мен Чүй облустук оорукандагы Эрнст Акрамовдун институтун жаптым", - деп бүгүн, 14-мартта, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, аталган ооруканага жаңы башкы дарыгерди дайындаган.

"Бирок Акрамовду кайда жиберем билбейм. Ал иштебейт да. Ошол жерде жашайт экен. Мейли, жашай берсин. Мен ага айттым, куубай эле кой деп. Мейли, жашай берсин. Анын үйү жок, туугандары жок. Жашай берсин ошол жерде", дейт министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5961