Алымкадыр Бейшеналиев: Травматологдордун шефи качып кетиптир (видео)
RU

Алымкадыр Бейшеналиев: Травматологдордун шефи качып кетиптир (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-мартта, саламаттыкты сакто министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектин тез медициналык жардам көрсотүу клиникалык ооруканасына келип, бейтаптарды тейлөө кандай жүрүп жатканын көрүп кетти. Анын айтымында, бүгүнкү күндөн тартып, экстрендик травматология бөлумү жабылат.

"Бүгүн, 14-март, травматологиянын жаңы тарыхы башталды. Бүгүн травмтологияны толугу менен жаап жатабыз. Анткени элде бул жерде ассоциация болуп калган, түшүндүңөр да ээ... Ал кырдаалды оңдоо үчүн эртең саат 2де Логвиненко/Московский көчөсүндө 350 орун ачып жатабыз. Ал жактагыдай оорукана Бишкекте, Кыргызстанда жок. Шарттары укмуш. Эртең көрөсүңөр", - деди саламаттык министри.

Анын айтымында, экстрендик травматология бөлүму кардрларды кабыл ала баштаган.

"Бул жакта травматология болбойт. Башка бөлүмдөр болот. Азыр башкы врач бардыгын айтып берет. Кыскасы, акыйкаттык орнотулду. Буга чейин бул жерде 70 жыл тез жардам клиникасы болчу. Бейтаптын патологиясы кандай болбосун бул жака алып келип, андан ары чечим кабыл алышчу. Азыр кандай экенин билесиңер э? 2-3 саат тез жардам шаарды айланып жүрөт. Бейтап дагы кыйналат, тез жардам да кыйналат...

Травматологдордун тагдыры боюнча. Алар акча топтоп алышкан. Болду, иштебей эле койсо болот. Пенсияга чыгып кете беришсин.

Алардын шефи 40 өлкөгө чакырды деп айтыптыр. Мен аларга кайсы өлкөгө туш келсеңер жардам берем дедим. Ал өзү качып кетиптир", - деп Алымкадыр Бей2шеналиев сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5960