ӨКМдин башчысы: кумшекер 70 сомдон, суу май 130 сомдон сатылат (видео)
RU

ӨКМдин башчысы: кумшекер 70 сомдон, суу май 130 сомдон сатылат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-мартта, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев шекер менен майдын баасын төмөндөтөм, деп кыргызстандыктарга убада кылды.

Анын айтымында, КРдин президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өкмөт эң керектүу азыктарга болгон бааны көзөмөлдөйт. Бүгүнкү күндөн тартып бардык соода түйүндөргө кумшекердин миллион килограммы 70 сомдон жөнөтүлөт. Ал эми суу майдын литри 130 сомдон сатылат.

"Биз шекер менен майды Кыргызстандын түштүгүнө жөнөтө баштадык. 500 миң литр суу май жөнөтүлдү", - деди ӨКМдин башчысы Ажикеев.

Белгилей кетсек, акыркы бир нече күндө нан жана ун азыктары 2-3 сомго кымбаттаган. Сатуучулардын айтымында, дагы деле көтөрүло берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5979