Өзбекстан ДНР менен ЛНРди тааныбай турганын билдирди
RU

Өзбекстан ДНР менен ЛНРди тааныбай турганын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-мартта, Өзбекстан Луганск менен Донецк республикаларынын көз карандысыздыгын тааныбай турганын билдирди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн тышкы иштери министри Абдулазис Камилов сенаттын пленардык жыйынында сүйлөп жатып айтты, деп podrobno.uz басылмасы жазды.

"Украинадагы кырдаал Өзбекстанда кооптонууну жаратууда. Биздин өлкө конфликти чечүүнүн тынчтык жолун колдоп, саясий-дипломатиялык ыкмаларды издөө керек деп эсептейт. Ал үчүн биринчи кезекте аскердик аракеттерди токтотуу керек", - деп министр бегиледи.

Анын айтымында, Өзбекстандын Россия Федерациясы менен да Украина менен да тарыхый, салттуу жана көп тараптуу мамилелери бар.

"Биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызды эске алып, эки өлкө менен тең эки тараптуу кызматташууну улантабыз. Россия биздин соода багытындагы негизги өнөктөшүбүз. Ошол эле маалда Украина менен да кызматташабыз. 2021-жылы Өзбекстан менен Украинанын ортосунда 704 миллион долларга товар айланган", - деп Камилов белгиледи.

Азыркы тапта Өзбекстан Украинага гуманитардык жардам жөнөтүп жатат, бул ишин андан ары да улантат, деп кошумчалады.

"Өзбекстан Украинанын эгемендүүлүгүн жана территориалдык бүтүндүгүн тааныйт. Биз Луганск жана Донецк элдик республикаларды тааныбайбыз", - деп Абдулазис Камилов баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6013