Ошто эки окуучу беш кабаттуу үйдүн чатырынан секирип кетишкен
RU

Ошто эки окуучу беш кабаттуу үйдүн чатырынан секирип кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-мартта Шакиров көчөсүндөгү 5 кабаттуу үйдүн чатырынан жетинчи класстын эки окуучусун секирген. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Кырсык тууралуу маалымат милицияга саат 13:30да облустук ооруканадан түшкөн.

Алардын бири ошол жерден каза болсо, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген. Кыздар бир класта окуганы айтылды.

Эске салсак, 2022-жылдын 4-мартында ошол эле мектептин окуучусу, ошол эле жерден секирип кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6020