13 жашар бала жоопсуз сүйүүнүн айынан өз жанын кыйган
RU

13 жашар бала жоопсуз сүйүүнүн айынан өз жанын кыйган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындща 13 жашар өспүрүм 5 кабаттуу үйдүн чатырынан секирип каза болду. Бул тууралуу түштүк борбордун ИИБси маалымдады. Милиция берген маалыматка ылайык, анын себеби жоопсуз сүйүү.

Белгилүү болгондой, 23-февралда, саат 20:12де тез жардам кызматына 13 жашар баланын сөөгү табылды, деген билдирүү келип түшкөн. Ал Шакиров көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен секирген.

Секирген бала 2008-жылы туулган. Ал беш классташы менен үйдүн чатырына чыккан. Кийин үчөө ылдый түшүп, үстүндө экөө калган.

"Окуучу классташынын телефонун сурап, бир кызга телефон чалыптыр. Ал кыздан кечирим сурап, коштошкон. Андан кийин телефонду досуна кайтарып берип, апасынан кечирим сурап коюшту өтүнгөн. Андан кийин секирип кеткен", - деп милиция классташ баланын сөздөрүнө таянып билдирди.

Башка балдардын айтымында, каза болгон өспүрүм "март айында өлөм, андан кийин мени эч ким көрбөйт" деп бардыгына айта берчү экен.

Милиция окуянын чоо-жайын иликтөөдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5689