Доллар канча турат? 18-мартка карата Бишкектеги валюталар курсу
RU

Доллар канча турат? 18-мартка карата Бишкектеги валюталар курсу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-мартта дагы доллар кичинеден түшүп жатат. Мисалы кечээ, 17-мартта долларды сатып алуу жана сатуу 98-100/101-103 сом болсо, 16-мартта доллардын курсу 105/106 сом болчу.

Ал эми азыркы тапта, эртең мененки саат 09:00го карата долларды сатып алуу жана сатуу 92-96 сомдон/95-99 сомго чейин жүрүп жатат.

Евронун курсу да мурункуга салыштырмалуу төмөндөдү. Бүгүнкү баасы: сатып алуу - 103-104 сомдон, сатуу - 107-110 сомдон.

Россиялык рубль азырынча туруктуу: сатып алуу - 0,88-0,9 сом, сатуу - 0,93 сом.

Буга чейин Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева доллардын курсунун төмөндөшүнүн себептерин түшүндүргөн болчу. Анын айтымында, рынокто доллар байма-бай болуп, сом валютасына суроо-талап жаралган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6023