"Кечирим сурабай эле койсун" Активисттер Бейшеналиевди кетирүүнү талап кылышты
RU

"Кечирим сурабай эле койсун" Активисттер Бейшеналиевди кетирүүнү талап кылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Эрнст Акрамов министр Бейшеналиевдин кечирим суроосуна муктаж эмес", - деп бүгүн, 18-мартта өткөн пресс-конференция учурунда коомдук ишмер, мурда парламентте депутат болуп иштеген Галина Куликова айтты.

"Башында биз кечирим сурасын деп талап койгонбуз. Бирок эми кечирим суроонун кереги жок. Акрамов элдик дарыгер, адамдык сапаты жогору киши. Бейшеналиев анын жанында турууга да татыктуу эмес. Бизге анын кечирим суроосу керек эмес. Бейшеналиев кызматынан кетсин. Ал саламаттыкты сактоо министри болууга татыктуу эмес", - деп Куликова баса белгиледи.

Куликованын айтымында, Эрнст Акрамовду коргоп жаткандар ага саламаттык министрдин бардык жоруктарын айтышкан эмес. "Биз Акрамовдун аброюн коргоо штабын дагы ага айтпай эле түзүп алганбыз. Ал эки инфаркты башынан кечирген. Мунун бардыгын билип, үчүнчү жолу инфаркт болсо көтөрө албайт. Ошондо Акрамовдун өлүмү анын (Алымкадыр Бейшеналиевдин) мойнунда болот", - дейт Галина Куликова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6037