Тажикстандын аскерлери кыргыз чек арачысын ур-токмокко алган
RU

Тажикстандын аскерлери кыргыз чек арачысын ур-токмокко алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын аскер кызматкерлери чек арада кыргыз чек арачысына кол салып, ур-токмокко алышкан. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына УКМК кызматтынан билдиришти.

Маалым болгондой, 19-март күнү Лейлек чек ара отрядынын аскер кызматкери Сада тилкесинде кызмат өтөп жүрүп, чек ара сызыгына жакын жерден белгисиз автоунааны таап алган. Унааны кармоого аракет кылып, Тажикстандын чек арачылары кызмат өтөп жаткан жерге өтүп кеткен.

"Тажик чек арачылары кыргызстандык аскер кызматкерин кармап кетишкен. Лейлек жана Ганчы тилкелери боюнча чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда дароо сүйлөшүүлөр жүрүп, жыйынтыгында КРдин аскер кызматкери кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди", - деп түшүндүрдү Мамлекеттик чек ара кызматы.

Аскер кызматкерин кароо учурунда анын башы жаракат алып, кийген кийими канга боёлгону белгилүү болгон.

Аскер кызматкеринин айтымында, тажик чек арачылары менен анын ортосунда жаңжал чыккан. Учурда анын ден соолугу туруктуу деп бааланууда, ал стационардык дарыланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6081