Адвокат: Атамбаевди карда, футболкачан күч менен алып келишти
RU

Адвокат: Атамбаевди карда, футболкачан күч менен алып келишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.

Коллониянын башчысы Атамбаевди сот имаратына алып кетишкенин, бирок, ал унаада отурганын айтты. Ден соолугуна байланыштуу, ооруп калгандыктан дарыгерлерди чакырышкан.

Ошондон кийин гана Атамбаевди кайрадан колонияга алып кетишти.

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Атамбаевди сотко күч менен алып келишкен.

"Алмаз Шаршенович кар жаап жатканына карабай, футболкачан, күч менен алынып келинди. Андан кийин ооруп калганына байланыштуу, тез жардам чакырылды", - деди адвокат.

Ал белгилегендей, прокуратура Алмазбек Шаршенович Атамбаевге күч колдонгон күнөөлүүлөр жазага тартылууга милдеттүү.

"No47 колониянын башкы дарыгеринин көрсөтмөсүндө Атамбаевдин ден соолугунун абалы оор, ал соттук териштирүүгө катыша албайт деп көрсөтүлгөн. Бирок ага карабай аны колониядан күч менен алып чыгып кетишкен", - дейт Жоошев ачууланып.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6091