Актриса Асема Анжеликаны түз эфирге чакырды
RU

Актриса Асема Анжеликаны түз эфирге чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Анжеликанын зомбулукка кабылганына аялдар өздөрү күнөөлүү деген сөзүнөн кийин Instagram социалдык тармагында актриса Асема Токтобекова менен ырчы Анжелика Кайратова талашып-тартышты.

Асема Анжелика жоолук салынаар алдында жергиликтүү маалымат каражаттарына интервью бергенин, бирок анын сөздөрү контексттен алынып салынганын жазган.

Анжелика дагы баракчаларына скриншотторун жазып, Асеманы кечиргенин, Ал Жараткандын алдында жооп берерин жазган.

Асема Ажеликаны кийин дагы белгилеп, саат 16:00дө түз эфирге чакырып жатканын жазган.

Эске салсак, жакында эле Анжелика зордук-зомбулукка кабылган аял өзү күнөөлүү деп билдирүү жазган.

"Жылаңач аялды көргөндө эркек жакшылыкты ойлобойт. Кайсы динде болбосун аялга зордук-зомбулук көрсөтүүгө өзү гана күнөөлүү. Таза кийин, оюңду ачык айт, өзүңдү коргогонду бил", - деп Анжелика Кайратова Instagram баракчасына жазган .

Анын билдирүүсү Интернетте катуу талкуу жаратып, андан кийин аны өчүрүп салган.

Андан кийин ал өз оюн бир сөз менен жеткирүү канчалык кыйын экендиги тууралуу пост жазып, кечирим сурады.

"Мени кечирип коюңуздар, мен шашып кеттим, аялдар өз көйгөйлөрүн, ойлорун ачык айтып, коргошу керек деп айткым келген", - деп жазган ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6098