УКМКнын "Альфа" кызматкери октон жаракат алды
RU

УКМКнын "Альфа" кызматкери октон жаракат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто УКМКнын "Альфа" атайын бөлүгүнүн кызматкери октон жараат алды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 23-мартта УКМКнын "Альфа" атайын бөлүмүнүн кызматкери октон жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.

Такталбаган маалыматтарга караганда, спецназдын жоокери машыгуу учурунда октон жараат алган. Бирок ал кызмат учурунда өзүн-өзү атууга аракет кылганы тууралуу расмий тастыктоону талап кылган маалыматтар да бар.

Маалым болгондой, спецназдын кызматкери ооруканада, анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6100