Төрт сүрөт. Атамбаев менен Жапаров 2017-жылы жана азыр
RU

Төрт сүрөт. Атамбаев менен Жапаров 2017-жылы жана азыр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бул жумада эң көп талкууланып жаткан жаңылыктардын бири Алмазбек Атамбаевге байланыштуу болду. 23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары боюнча кезектеги соттук териштирүү жүрүп, анда ондон ашык киши анын катарында мурунку президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов жана башкалар да айыпталуучу катары өтүп жатат.

Сот залында конвойдун башчысы Атамбаев соттун имаратына жеткирилди бирок акыбалы начар болуп машинеде отурганын билдирди. Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Атамбаевди күч менен сотко алып келишкен. Колониядан карга сүйрөп чыгарып, конвоирлерге тапшырышкан. Ал жука футболка эле кийип турган. ЖАМК айыптоолорду четке какты.

Бул кырдаалга учурдагы президент Садыр Жапаров да реакция жасап, аны таарынткандардын бардыгын, анын катарында Атамбаевди да кечиргенин билдирди. Андан тышкары, ушундай жол менен мурунку президенттен өч алып жатат деген божомолдорду төгүндөдү.

Kaktus.kg редакциясы 2017-жылы Алмазбек Атамбаев жана Садыр Жапаров кандай эле жана азыркы тапта алардын абалы кандай экенин эстеди.

Алмазбек Атамбаев

Бул Атамбаевдин президент кызматындагы акыркы жылы. Сүрөт 2017-жылдын 3-апрелинде тартылган.

Ал эми бул сүрөт 2022-жылдын 23-мартында тартылды. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге күч колдонуп, сотко алынып келинди. Адвокатынын айтымында, сыртта кар жаап жатканына карабастан жука футболкачан жерге сүйрөп алып келишкен.

Садыр Жапаров

Бул сүрөт 2017-жылдын 2-апрелинде тартылган. Садыр Жапаровду өзүнүн камерасынан колундагы жана моюнундагы кан тамырлары кесилген абалда табышкан. Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматы ал өз жанын кыйганга аракет кылды деп билдирүү тараткан.

Учурдагы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ӨКМге жана УКМКнын чек ара кызматына атайын аскер техникасын тапшыруу аземинде. Сүрөт быйыл 25-мартта тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6128