Атамбаевдин баласы: Атамдын денеси көгала болуп, тизеси канга боёлгонун көрдүм
RU

Атамбаевдин баласы: Атамдын денеси көгала болуп, тизеси канга боёлгонун көрдүм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр апасы Раиса Атамбаева экөө колониядагы атасына барганын билдирди.

"Бүгүн колониядагы атама барып, Жаза аткаруу кызматынын калпын жеке өзүбүз текшерип чыктык. Атамдын денесинде көгала тактар ​​жана сызыктар бар, тизелери канга боёлгон", - деди ал.

Кенже Атамбаевдин айтымында, кечээ атасы төшөктө ооруп жаткан жеринен, саат 13:00 чамасында, анын камерасына ИИНнин он чакты кызматкери кирип, атасынын кол, бутун кармап, ич кийими менен эле кар жаап жатканда сүйрөп кетишкен.

"Ал кардын алдында жылаңаяк турууга аргасыз болгон. Бөлмөсүнүн эшигинин маңдайында видеокамера бар, баарын оңой эле текшерсе болот. Колониянын администрациясы менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги анын жүрөк оорусу бар экенин жакшы билишет. Кечеги окуя анын ден соолугуна каршы даярдалган провокация болгон.

Натыйжада атама катуу суук тийип, тамагы ооруй баштаган. Анын жүрөгү, омурткасы катуу ооруйт. Бирок руху сынган эмес", - деди Кадыр Атамбаев.

23-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов жана башка ондон ашык адам айыпталган иш боюнча кезектеги соттук отурум өттү. Сот залында колонна башчысы Атамбаевди сот имаратына алып келишкенин, бирок ал өзүн жакшы сезбей жаткандыктан унаада отурганын айткан. Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, аны күч менен сотко алып келишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6106