Эки минивэн кагышып, бирөө каза болду. Жабыркагандар да бар (сүрөттөр)
RU

Эки минивэн кагышып, бирөө каза болду. Жабыркагандар да бар (сүрөттөр)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-мартта эртең менен Москва районунун Ак-Торпок айылында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Андан 11 адам жабыркап, бирөө каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Окуя болгон жерге ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу жөнөп кетти.

Жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилген. Маркумдун жансыз денеси унаадан чыгарылып, Москва районунун ИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6145