Адвокат: Эмнеге башкаларды "лопух" дегендер каралбайт дагы Токтакунов кармалат (видео)
RU

Адвокат: Эмнеге башкаларды "лопух" дегендер каралбайт дагы Токтакунов кармалат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-мартта Бишкек шаардык сотунда адвокат Нурбек Токтакуновдун иши боюнча соттук отурумунда юристтердин бири өз сөзүндө көптөгөн чиновниктер башка адамдарды "лопух" деп атаганына нааразы болот.

"Лопух, тишиңди бирден санайм, Башкы прокурор эч ким эмес деп жатышат. Бирок эмнегедир жоопко тартылбайт. Эмнеге андай?" – деп сурады адвокат.

Ал белгилегендей, күч түзүмдөрү адилеттүү болуп, анда бардыгын тартуу керек.

Эске салсак, 24-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов Нурбек Токтакуновду судьяларды кемсинткени үчүн беш суткага камакка алуу чечимин чыгарып, ал майда бейбаштык боюнча айыпталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6148