Шаардык сот жактоочу Нурбек Токтакуновду камакта калтырды (видео)
RU

Шаардык сот жактоочу Нурбек Токтакуновду камакта калтырды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-мартта Бишкек шаардык сотунда адвокат Нурбек Токтакуновдун беш суткага камакка алынышы боюнча адвокаттардын арызы боюнча соттук отурум уланууда.

Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген соттук коллегия Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө жана өзгөртүүсүз калтырганын билдирди.

Эске салсак, 24-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов Нурбек Токтакуновду судьяларды кемсинткени үчүн беш суткага камакка алуу чечимин чыгарып, ал майда бейбаштык боюнча айыпталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6146