"Сосновка" постунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди
RU

"Сосновка" постунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Төө-Ашуу, Жалал-Абад облусунун Ала-Бел жана Талас облусунун Өтмөк ашууларында аба ырайы калыбына келгенге чейин Бишкек-Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилди. Мындай маалыматты ЖКККББнин басма сөз кызматы таратты.

Азыркы учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларынын айланасындагы жолдордо кар күрткүсү (көрүүнүн чектелиши) байкалууда. Ашууларда жолду тазалоого бардык керектүү техникалар тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды кардын чынжырын алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого (пробка болгон учурда), тыгын болгон жерге атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөгө жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6168