Бишкекте шамал жулуп түшкөн чатырдан кичинекей кыз жабыркады
RU

Бишкекте шамал жулуп түшкөн чатырдан кичинекей кыз жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ,29-мартта катуу шамал болуп, "Көк-Жар" кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатыры учуп кеткен. Металлдын бир бөлүгү балдар ойной турган жыгач үйгө түшкөн. Анын ичинде кичинекей балдар бар болчу, деп Kaktus.kg басылмасына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын атйымында, балдарды көбү качып аман калган. Бирок бир кыз жетишпей калып, жаракат алды.

"Кичинекей кызды ооруканага алып барып, башындагы жаратын тиктирип келишти". - деп баланын туугандары айтып беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6185