Кадамжайлыктар: Жээнбековго факты жетишсиз болчу эле, Жапаровго эмне жетпей турат?
RU

Кадамжайлыктар: Жээнбековго факты жетишсиз болчу эле, Жапаровго эмне жетпей турат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кадамжай районунун тургундары Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурунку башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов камакка алынуусуна каршы митингге чыгышты. Чогулган эл журналисттик иликтөөдө чиновниктердин коррупциясы жөнүндө айтып бергендер камакка алынып, айыптуулар эркиндикте жүргөнүнө нааразы.

Митингге келгендердин бири Калыбек Эргашов. Ал мурунку президент Сооронбай Жээнбековго журналисттик иликтөөлөрдө ар дайым факты жетишсиз болчу эле, Садыр Жапаров бийликке жаңы келгенде, бир да журналисттик иликтөө четте калбайт, айыптуулар жоопко тартылат, дебеди беле, дейт.

"Жээнбековго факты жетишсиз болчу, эми Садыр Жапаровго эмне жетишсиз?", - деп Эргашов суроо салды.

Баткен облусунун башка райондорунан келгендер, акыйкатсыздык улана берсе, көбү облустан кетип калаарын, чек араны коргой турган киши калбай калаарын белгилешти.

"Жалилов менен Эгембердиев уурдалган мүлктү мамлекетке кайтарууга аракет кылбады беле. Эмнеге алар СИЗОдо отурушат? Ошо кантип болсун? Элдин чыдамы түгөндү. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев өзүңөр иликтөө жүргүзүп көргүлө. Айыптуулар жоопко тартылсын", - деп митингге келгендер оюн айтышты.

Эске салсак, журналист Ыдырыс Ысаковдун иликтөөсүнөн кийин Генералдык прокуратура Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн дагы бир мурунку башчысы Турабай Бостоновдун иши боюнча маалыматты текшере баштаган.

Бул иликтөөдө Бостоновдун жергиликтүү чиновниктер жана Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев менен биригип алып, жер тилкелерин жана түрдүү объектилерди менчиктеп алгандыгы тууралуу айтылат. Андай объектилер жергиликтүү айыл өкмөтүндө 60тан ашык делет.

Жерлер менчиктешитирилип алынгандыгы тууралуу мурунку айыл өкмөтү Бекжан Жалилов да жар салган. Ал мүлктү мамлекетке кайтарууга аракеттенген.

Андан кийин эле Жалилов менен Эгембердиевдин камакка алынганы белгилүү болду.

Калың коомчулук Бостонов тууралуу Балбак Түлөбаевдин Жогорку Кеңештеги сөзүнөн кийин билди. Депутат аны Баткен облусунун "жаны олигархы" деп атап, мурунку айыл өкмөтү бир топ жерлерди менчиктеп алганын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6190