Сом долларга карата бекемделди. Кризис бүттүбү ошондо?
RU

Сом долларга карата бекемделди. Кризис бүттүбү ошондо?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 30-мартта сомдун долларга карата курсу кризис башталганга чейинки белгиге чейин түшүп кеткен. Бүгүн, 31-март күнү, Моссовветте доллар 81-82-сомдон сатып алынып, 82,5-83 сомдон сатылууда.

Эмнеге мындай болуп жатат? Сомдун долларга, анын менен катар еврого карата кескин бекемделишине эмне себеп болду?

Экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаровдун айтымында, бардыгын эки сөз менен түшүндүрүп койсо болот: рубль бекемделди.

"Бул россиялык рублге болгон реакция. Рубль чөккөндө, артынан сомду кошо сүйрөп бараткан. Себеби россиялык валютанын биздин сомго болгон таасири 35%ды түзөт. Кризис учурунда долларга болгон суроо талап, жөн гана психологиялык таасир болчу", - дейт экономист.

Жапаровдун айтымында доллардын реалдуу курсу 88/93 сом. Бир канча убакыттан кийин ал кайра көтөрүлөт. Эгер Россия нефтепродуктусун кросс-курстун жардамын колдонуп рубль менен сата турган болсо, кырдаал бир аз турукташат.

"Доллар менен евро - дүйнө жүзндөгү негизги валюталар. Алар туңгуюкка түшүп калышты. Россия газды рубль менен сатам деп тырышып алса, ошондо даана көрүнөт. Европа аргасыздан РФ менен сүйлөшүүлөргө барат, себеби толугу менен орустун газынан баш тартуу үчүн 9-12 ай убакыт керектелет", - дейт Гурас Жапаров.

Рубль кымбаттаса сом дагы өсөт, рубль арзандаса аны менен кошо сом дагы төмөндөйт.

Буга чейин эч ким юанга көңүл бурган эмес. Эми бардыгы Кытай жана Араб өлкөлөрү кайсы валютада соода жүргүзүшөт, ошондон көз каранды, - дейт экономика илимдеринин доктору.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6198