31-мартка карата валюталар курсу. Доллар дале арзан
RU

31-мартка карата валюталар курсу. Доллар дале арзан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 31-мартка карта Бишкектин Моссоветиндеги курс салыштырмалуу туруктуу. Доллар 81-82-сомдон сатып алынып, 82,5-83 сомдон сатылууда.

Евро да улам төмөндөп, сатып алуу/сатуу - 91-93/94-96 сом болуп калды.

Россиянын рубли туруктуу. Сатып алуу - 0,95, сатуу - 0,97 сом.

29- жана 30-мартта америкалык жана европа валютасы кескин арзандап, Кыргызстандын Улуттук банкы $5,4 миллион сатып алууга аргасыз болду.

Эксперттер доллар менен евронун арзандашын россиялык рублдин рыноктогу бекемдеши менен байланыштырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6199