Бүгүн эртең менен мэр болуп дайындалган Эрмек Нургазиев кызматтан алынды
RU

Бүгүн эртең менен мэр болуп дайындалган Эрмек Нургазиев кызматтан алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Элдин нараазычылыгынан улам, бүгүн эртен менен Бишкектин мэри болуп дайындалган Эрмек Нургазиевди кызматынан алуу чечими кабыл алынды. Мындай жаңылыкты Kaktus.media'га жеке булак билдирди.

Берилген маалымат боюнча, элдин нараазычылыгынан улам ушундай чечим кабыл алынды.

Эске салсак, бүгүн Нургазиев шаар башчысы катары биринчи пресс-конференциясын берген. Жамаатка аны октябрь окуяларынан кийин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып келген Балбак Түлөбаев тааныштырган.

"Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес", - деп Садыр Жапаров өзүнүн Instagram баракчасына жаңы мэрдин отставкасы тууралуу комментарий жазды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/623