Балбак Түлөбаев кызматынан бошотулуп, Эрмек Нургазиев мэр болду
RU

Балбак Түлөбаев кызматынан бошотулуп, Эрмек Нургазиев мэр болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбор башчысынын милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалды. Маалыматты Kaktus.media'га мэриядагы булактары тастыктап берди.

Жаңы мэрди бүгүн, 9 февралда жамаатка тааныштырат.

Мурдагы мэрдин кызматын аткаруучу Балбак Түлөбаев башка кызматка өтөт. Булактардын айтымы боюнча, ал Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгын жетектейт.

Эске салсак, 2020-жылдын октябрь айында Эрмек Нургазиев "Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңешке аттанган. Ага алдамчылык жана күч колдонуу боюнча айып коюлган. 2019-жылдын сентябрь айында ал аял кишини муштум менен согуп, коомчулукта чоң резонанс жаралган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/617