Алымкадыр Бейшеналиев: Спирт ичимдиктерин ичпей калганыма бир жылдан ашты
RU

Алымкадыр Бейшеналиев: Спирт ичимдиктерин ичпей калганыма бир жылдан ашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алымкадыр Бейшеналиев ЭлТР телеканалына берген маегинде акыркы бир-эки жылда ден соолугуна байланыштуу спирт ичимдиктерин ичпей калганын айтты. Ал ошондой эле эч кандай майрамдарды жактырбай турганын кошумчалады Тойго барбай, өзү да уюштурбайт.

"Акыркы жолу 15 жыл мурун баламды үйлөндүргөм. Анан кийин эч той кылган жокмун. Мага андай нерселер жакпайт. Ал эми корпоративдерге чанда катышам. Ал эми Нооруз майрамынын алдында корпоративдик кече болгон, анда мен бийлеп эле жүрдүм. Мени менен иштеген дарыгерлерден, хирургдардан сурасаңар мен ичимдиктен баш тартканымды тастыкташат", - деди министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6250