Эрте менен мас айдоочу сүзүп кеткен кыз каза болду
RU

Эрте менен мас айдоочу сүзүп кеткен кыз каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, эрте менен мас абалдагы айдоочу сүзүп кеткен кыз каза болду. Бул маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилүү болгондой, маркум 26 жашта болгон. Ал өтө оор абалда Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Бирок, кызды сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Эске салсак, окуя бүгүн эртең менен болгон. Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде Subaru Forester үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Opel үлгүсүндөгү унаа менен кагышып кеткенден кийин потрулдук кызматкерлерден качам деп жолдо өтүп бараткан кызды сүзүп алган. Аны менен эле токтоп калбай, Бөкөнбаев менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде тосмону сүзүп, андан кийин гана токтогон. Учурда айдоочу камакка алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6297