Ниязов: Коррупционерлер каалаганын кылат, Атамбаев мамлекеттик ооруканага да бара албайт
RU

Ниязов: Коррупционерлер каалаганын кылат, Атамбаев мамлекеттик ооруканага да бара албайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум уланууда. Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов жана башка бир катар адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Атамбаев тосмону тепкилегенден кийин судья Убайдулла Сатимкулов Алмазбек Атамбаевди сот залынан чыгарды.

Айыпталуучу Фарид Ниязов сот экс-президентти шылдыңдап жатканына нааразы болду.

"Атамбаевдин абалын көрүп турасыңар, ооруп отура албай жатат. Эмне үчүн коррупционерлер клиниканы тандап, жада калса Бикардга барышат, ал эми мурдагы президент мамлекеттик ооруканага да бара албайт? Албетте, сиз судьясыз, жогорудан келген көрсөтмөлөрдү аткарып жатасыз. Бирок, мындай туура эмес да", - деди Ниязов.

Андан соң судья соттук отурумду саат 14:00гө чейин жылдырды. Бирок, судья Атамбаевди утурумдук гана сот залынан чыгарганын, кийинчерээк кайтып келерин белгиледи.

"Атамбаев өзү ооруп жатканын айткан жок, дарыгерлер да колонияда текшерген эмес. Өзү айтсын", - деп жыйынтыктады судья Сатимкулов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6304