"Мени өмүр бою эркимден ажыраткылачы, акмактар". Атамбаев сот залында тосмону тепкиледи
RU

"Мени өмүр бою эркимден ажыраткылачы, акмактар". Атамбаев сот залында тосмону тепкиледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум уланууда. Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов жана башка бир катар адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми судья Убайдулла Сатимкулов Атамбаевге сот отурумун өткөрүүгө эч кандай зарылчылык болбогондуктан убактылуу уруксат бербегенин билдирди.

Андан соң соттолуучу Алмазбек Атамбаев залдан чыгып кетүү үчүн коомдук тартипти бузууга аргасыз болгонун жана судья буга укуктуу экенин билдирген.

"Мунуңарды токтотуп, мени өмүр бою эркимен ажыраткылачы. Менин үч грыжам бар, бул жерде отура албайм. Коомдук тартипти бузууга туура келип жатат", - деди Атамбаев.

Андан соң мурдагы мамлекет башчы сот залында отурган тосмону тээп баштады. Ошондон кийин судья Сатимкулов аны залдан чыгарды.

Ошондой эле Атамбаевдин тарапкерлери да сот залынан чыгып кетишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6303