Балдарды мектепке жана бала бакчага электрондук каттоодо көйгөйлөр жаралды
RU

Балдарды мектепке жана бала бакчага электрондук каттоодо көйгөйлөр жаралды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-апрелде саат 09:00дө балдарды мектепке жана бала бакчага электрондук кабыл алуу башталды. Бирок, ал башталганга чейин эле система иштебей калган.

Балдардын ата-энелери платформа иштебей жатканына, андагы каталары жана каттоону аягына чыгара албай жаткандарын айтып даттанышат.

Билим берүү жана илим министрлиги сайт качан иштерине жооп берген эмес. Ведомствонун басма сөз кызматы программаны иштеп чыгуучу "Инфоком" мамлекеттик ишканасына кайрылууну сунуштайт.

"Инфоком" электрондук эсепке алуу системалары эрте менентен бери иштеп жатканын, бирок катталуучулар көп болгондуктан, техникалык мүчүлүштүктөр болуп жатканын айтууда.

"Балким, катачылыктар улана берет. Ата-энелерден бул нерсеге түшүнүү менен мамиле кылуусун суранабыз. Маселени чечүүгө аракет кылабыз", - деп Мамлекеттик ишканадан Kaktus.media редакциясына билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6328