"Сен кимсиң, балакай". Мектеп жана бакчага электрондук каттоо системасындагы каталар
RU

"Сен кимсиң, балакай". Мектеп жана бакчага электрондук каттоо системасындагы каталар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балдарды мектеп жана бала бакчага электрондук түрдө каттоо бир жагынан күлкүлүү болсо, бир жагынан өкүнүчтүү.

Ата-энелер анкетаны толтуруунун эрежелеринин сүрөттөрү (скриншоттору) менен бөлүштү.

Ал системада берилген биринчи суроо - "Сен кимсиң, балакай". Ошол эле учурда орус тилиндеги анкетаны толтурууда жооптун варианттары кыргыз тилинде "Энеси" же "Атасы" деп берилген.

Фамилия жазыла турчу жерде орусча "Имя отца" деп жазылган.

Паспорттун сериясын тандаңыз деп - тизмеге АН и Я БЫ деп көрсөтүлөт. Ата-энелер ID сериясын кантип тандоо керектигин билбей жатканын билдиришкен.

Алардын дагы бир нааразы болгону – ата менен эненин ортосундагы "байланыш даражасы" так берилген эмес. Алар бул бала так алардыкы экенин программа кантип далилдей алат деген суроо калтырышкан.

Ошондой эле система колдонуучунун "фамилиясы туура эмес" деп чыгарып коюуда деп айтылат.

Апалардын бири Kaktus.media сайтына уулунун аты Артём экенин, бирок "ё" тамгасы жазылбаганын айтты. Ал эми "Артем" деп киргизсе, система туура эмес деп көрсөтөт.

Ал ошондой эле мамиле даражасы жана ИНН менен көйгөйлөр болгонун айтат. Бирок, ал буга чейин Калкты тейлөө борборунда бардык маалыматтарды текшерген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6326