Чек арадагы жүк ташуучу унаалардын учу-кыйыры көрүнбөгөн кезеги
RU

Чек арадагы жүк ташуучу унаалардын учу-кыйыры көрүнбөгөн кезеги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын жүк ташуучу айдоочуларынын көз карандысыз профсоюзу Бишкектин жанындагы Кара-Суу өткөрмө бекетинде кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө көйгөй жаралып жатканын билдирди.

Алардын айтымында, 11-апрель күнү эрте менен бир нече жүк ташуучу унаа чек арадан өтө албай турушат. Айрымдары жада калса бир нече күндөн бери турганын айтат.

"Биздин оюбузча, казак тарап өткөрмө бекетинин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн баалабай жатат. Тез бузулуучу азыктарды - сабиз, пияз, капуста, мөмө-жемиштерди Ирандан ташыган айдоочулар кыйналып жатышат", - дешти жүк ташуучулар.

Жалпысынан Жамбыл облусунун Кордай районунда 700дөй унаа текшерүүдө турат.

Кыргызстандан Казакстанга Талас облусу аркылуу чыгып жаткан унааларды Тараз шаарындагы "Чоң-Капка" – "Айша биби" өткөрүү пунктунан текшерүүдө да көйгөйлөр бар.

"Эч жерде шарттар каралган эмес: суу, ашкана жана башкалар жок", - деп белгилешти айдоочулар.

Алар бардык жүктөр Казакстанга эмес, Россияга кетип жатканын баса белгилешти.

"Чындыгында ЕАЭБдин ичинде эркин кыймыл болушу керек, бирок электрондук эсеп-фактуралар бар. Көйгөйлөрдү жоюу боюнча убадаларга карабастан, эч нерсе өзгөрбөй жатат", - деп кошумчалады профсоюз уюму.

Буга чейин тараптар жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча макулдашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6329