Түштүк магистралда жеңил унаа кызды сүзүп кетти (видео)
RU

Түштүк магистралда жеңил унаа кызды сүзүп кетти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-апрелде Бишкектеги түштүк магистралда жеңил унаа 16 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына УПКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Nexia маркасындагы унаанын 23 жаштагы айдоочусу Э.Б. электр скутери менен жөө өтмөктөн (пешеход) өтүп бара жаткан кызды сүзүп кеткен", - деп билдиришти УПКдан.

Жабырлануучу оор абалда No3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган көчөдө светофор жоктугуна байланыштуу кырсыктар көп болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6370