Бишкек таштандыга толо баштады. Кейиштүү сүрөттөр
RU

Бишкек таштандыга толо баштады. Кейиштүү сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери үчүнчү күн катары менен жумушка чыгуудан баш тартууда. Бул маалыматты муниципалдык бийлик өкүлдөрү тастыкташты.

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери шаардын мэри алар менен жолугуп, маселени чечээрин дагы эле күтүп жатканын билдиришти. Маселе чечилмейинче алар жумушка чыкпай турганын билдиришкен.

Ал арада бишкектиктер шаардагы таштанды контейнерлери, урналар ансыз деле толуп жатканын айтышууда. Бир-эки күндөн кийин шаар таштандыга толуп кетиши толук ыктымал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6388