Аткаминерди сабап кете жаздашты. "Тазалыктын" кызматкерлери башчысын кетиришти (видео)
RU

Аткаминерди сабап кете жаздашты. "Тазалыктын" кызматкерлери башчысын кетиришти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-апрелде "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады. Алар жетекчиси Азат Сагыновдун иштен алынышын талап кылышып, Бишкек шаарынын мэрин аларга келишин талап кылды. Бирок, аларга вице-мэр Жамалбек Рысалиев баш болуп бир нече адамдар келишкен.

Рысалиев сөз сүйлөп жатканда аны коштоп жүргөн аткаминерлердин бири "Тазалыктын" кызматкерине сөз бербей, түртүп баштаган. Бул кызматкерлерге жакпай, аткаминерди сабап кете жаздашкан. Ушундан улам ал качып кеткен.

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери вице-мэр Жамалбек Рысалиевди укпай жатат. Алардын айтымында, кызматкерлердин айлыгы көтөрүлгөн дешип калп айтып жатышат.

Ошентип, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев жумушчуларынын нааразылык акциясында "Тазалыктын" башчысы болуп Султан Алыбаев дайындалганын билдирди. Жаңы жетекчиге бул жумушчуларга дем алыш күндөрү иштегени үчүн айлык акы төлөп берүү маселесин тез арада чечүүнү тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6369