Садыр Жапаров жубайы менен Бакуга учуп кетти. Аны кимдер коштоп барат? Тизме
RU

Садыр Жапаров жубайы менен Бакуга учуп кетти. Аны кимдер коштоп барат? Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде Азербайжан Республикасынын Баку шаарына расмий сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат бөлүмү билдирди.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Азербайжандын Президенти Илхам Алиев, Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жергиликтүү ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

  • президенттин жубайы Айгүл Жапарова;
  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
  • КРдин Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев;
  • айыл-чарба министри Аскарбек Джаныбеков;
  • санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;
  • транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;
  • экономика министри Данияр Амангельдиев.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6421