Эдил Байсалов TemirovLive'дын иликтөөсүнөн кийин Ташиевдерге болушту
RU

Эдил Байсалов TemirovLive'дын иликтөөсүнөн кийин Ташиевдерге болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Twitter'деги баракчасына пост жазып, журналсит Болот Темиров боюнча комментарий берди.

Анын пикири боюнча, TemirovLive'дын журналисттери Камчыбек Ташиевдин уулунун бизнеси жөнүндө иликтөө даярдаганда фактыларды айырбаштаган.

"Манипуляциянын күчүн ушундан бил! "Ташиевдин уулу тендерлерден ута баштады" деп укмуш тема кой дагы, болду, элдин баары нааразы болуп, каргап-шилеп жатып калды. Ташиевдер 25 жылдан бери бензин менен соода кылганы эч кимди ойлондурганы жокпу? Бары аны билишет. Тапкан экен кылмышты: жалпы кирешеси $300 тете келген үч майда тендер!" - деп Байсалов жазган.

Эске салсак, бир нече күн мурун, TemirovLive командасы Камчыбек Ташиевдин уулунун бизнеси жөнүндө сюжет жарыялаган болчу. Берилген маалыматка ылайык, Таймурас Ташиев "Мока групп" компаниясын өзүнүн атында каттап, үч мамлекеттик тендерди утуп алган. Журналисттер Таймурастын компаниясы тендерлердин жалгыз катышуучусу болгонун баса белгилешкен.

Кечээ, Болот Темиров ага карата үч кылмыш иши козголгонун билдирди. Бүгүн аны суракка чакыртышкан.

Мындан мурун Болот Темиров Ташиевдердин Жалал-Абаддагы нефть бизнеси жөнүндө журналисттик иликтөо жарыялаган болчу. Андан кийин ага карата баңгизатын колдонот деген кылмыш иши козголгон болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6427