Эки күндө 37 миллион сом табышат. Болот Темиров Ташиевдердин схемасын ачыктады
RU

Эки күндө 37 миллион сом табышат. Болот Темиров Ташиевдердин схемасын ачыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист Болот Темиров "Ташиевдер кланы" тууралуу иликтөө жүргүзүп, үй-бүлө мүчөлөрү кандайча "Кыргызстандагы нефть магнаттарына" айланып жаткандыгы тууралуу айтып берди.

"Былтыр 10 миллион деп эсептеп жүрдүм эле, көрсө 47 миллион минуста болчу экенсиңер э? Мына, жетекчиңерди алмаштырдык, талаптарды койдук, эки жака тең. Уурдабагыла, коррупцияга аралашпагыла, болгон мамлекеттин пайдасын, акчасын мамлекеттин чөнтөгүнө салгыла. Быйыл мына 160 млн, 200 млн сом берип атыптырсыңар. Мына, иштесе болот экен да, уурдабаса эле болот экен да", - президент Садыр Жапаровдун бул сөзү өлкөнүн жападан жалгыз нефтини кайра иштетүүчү заводунда айтылган. Болот Темировдун иликтөөсү дал ушул видеодон башталат. Анткени ал жогоруда айтылган сөздү текшерүүнү чечкен.

Заводдун директору - 31 жаштагы Байгазы Матисаков - Камчыбек Ташиевдин жээни.

"УКМКнын төрагасын бийликке келгенге чейин эле күйүүчү май бизнесине тийиштиги бар экени белгилүү болчу. Анын бир туугандарына Жалал-Абаддагы нефть иштетүүчү завод катталган: Казыбек Ташиев - негиздөөчүсү, ал эми Шайырбек Ташиев - директору. "Кыргыз петролеум компани" - "Кыргызнефтегаздын" мунай иштетүүчү жалгыз заводу. Эки компанияда тең мамлекеттик үлүш бар. Завод Кыргызстанда өндүрүлгөн нефтини кайра иштеп чыгып, дизель, бензин жана мазут чыгарат. Революциядан кийин аны Ташиевдердин үй-бүлө мүчөсүнүн бири жетектеп калган", - деп Темиров айтып берет.

OCCRP журналист-иликтөөчүлөрдүн бүткүл дүйнөлүк түйүнү, Болот Темировдун айтымында, так ушул уюм төрт документти табууга көмөктөшкөн. Бул Region Oil компаниясынын экспорттук операциясы. Ал документке ылайык, аталган компания "Кыргыз петролеум компани" өндүргөн мазутту экспорттойт. Region Oil мазуттун килограммын 34 центтен экспорттойт, деп иликтөөдө айтылган. Эки күндө, 2021-жылдын 23, 24-июнунда, компания Өзбекстандын фергана нефть иштетүүчү заводуна, мамлекеттик ишканада өндүрүлгөн 3 666 тонна мазут жеткирген. "Кыргыз петролеум компани" заводунун өзүндө мазуттун баасы 22 цент.

"Эсептеп көрүп 37 млн сом деген жооп алдык. Мамлекеттик заводдо өндүрүлгөн продукцияны экспорттоп, ортомчул компания киреше табат экен. Бул болгону эки күндө", - дейт Темиров.

Анын айтымында, бул жалгыз экспорттук-импорттук операция эмес. "Открытый бюджет" порталында Region Oil бажы кызматын тариздөө үчүн 52 жолу акы төлөгөнүн көрүүгө болот. Өткөн жылдын 16-апрелинен тартып.

Биздин жеке булак айтып бергендей, Ташиевдин жээни "Кыргыз петролеум компаниге" жетекчи болуп 2021-жылдын башында дайындалган. Президенттик шайлоодон кийин дароо эле, деп журналист белгиледи.

Region Oi эмне болгон компания?

Юстиция министрлигинин сайтында, компаниянын жалгыз негиздөөчүсү жана жетекчиси катары Назгүл Айдарова көрсөтүлгөн. Ал былтыр шаардык кеңештин депутаттыгына аттанган. Бирок жумуш орду катары Region Oi компаниясын эмес, Жалал-Абад нефть иштетүүчү заводду көрсөткөн.

"Баягы завод, Ташиевдин бир туугандары жетекчи жана директор болуп иштеген. Тизмеде 12чи болгонуна карабастан ал депутат боло алган жок. Кызыгы, Region Oil ЖЧКсынын экспорттук-импорттук операциялары дароо шайлоодон кийин, 16-апрелден тартып башталган. Айдарова анын фирмасы мазутту Өзбекстанга эле эмес, Италияга да экспорттой турганын жашырган жок. Бирок, бул анын Ташиевдер үй-бүлөсү менен болгон жалгыз байланышы эмес. 2021-жылдын ноябрь айындагы Жогорку Кеңештин шайлоосунда Назгүл Айдарова Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү болчу", - деп Темиров белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5272