"Мен жол салгам". Атамбаев хан сарай боюнча комментарий берди (видео)
RU

"Мен жол салгам". Атамбаев хан сарай боюнча комментарий берди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-апрелде, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча соттук териштирүу өтүп жатат. Айыпталуучулар: Алмазбек Атамбаев, экс-депутаттар Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мээрбек Мискенбаев, жансакчы Канат Сагынбаев, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков ж.б.

Атамбаев сотко тез жардам кызматы менен конвойдун коштоосунда жеткирилди.

Ал жаңы хан сарай тууралуу окуганын айтып, жеке пикирин билдирди.

"Мен президент болуп турган кезде кытайлар бекер эле офис салып беребиз деп сунушташкан. Бир тыйын сурашкан эмес. Бирок мен, жол салып берүүсүн сурангам. Мен Си Цзиньпин мырзага кайрылып, андан көрө туруктуу негизде Бишкектин жолдорун жасатканга акча бөлүп берип тургула деп сурангам. Менин оюм боюнча ушундай иштер менен алектениш керек. Бишкекте эмне көп? Чиновниктерге толгон кабинеттер көп, анан портфель көтөргөн чиновниктер көп", - дейт Атамбаев.

Ал Садыр Жапаровдун көптөгөн каталарын көрүп жатканын, кудай ага акыл берээрине үмүттөнүп жатканын белгиледи.

"Башкысы, чөйрөсү ага көр казбаса болду", - деп Атамбаев түшүндүрмө берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6432