Атамбаев: Бизге башкысы Соке кетиши керек болчу
RU

Атамбаев: Бизге башкысы Соке кетиши керек болчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-апрелде, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча соттук териштирүу өтүп жатат. Айыпталуучулар: Алмазбек Атамбаев, экс-депутаттар Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мээрбек Мискенбаев, жансакчы Канат Сагынбаев, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков ж.б.

Атамбаевдин айтымында, ал бул цирктен тажады, соттук отурумдарды ансыз деле өткөрө берсе болмок.

Октябрь окуялары болбосо Садыр Жапаров президент болмок эмес, деп Атамбаев белгиледи.

"Бизге башкысы "Соке-урод" кетиши керек болчу. Ошон үчүн митингге чыкканбыз, - деди мурунку президент.

Андан тышкары, Атамбаев Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган кезде "Камчыбек Ташиев жашыруун мага келип жүрчү" деп эскерди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6431