Айгүл Жапарова Мехрибан Алиева менен жолукту. Сүрөттөр
RU

Айгүл Жапарова Мехрибан Алиева менен жолукту. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-апрелде, Азербайжандын борбор шаары Бакуда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун расмий иш сапары өтүп жатат. Өлкө башчысын жубайы Айгүль Жапарова да коштоп барган.

Айгүл Жапарова Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиева менен жолуккан. Алардын чогу түшкөн сүрөттөрү социалдык тармактарга жарыланды.

Айгүль Жапарова күнүрт жашыл түстөгү жибек көйнөк кийип, белине улуттук орнамент түшүрүлгөн кур тагып алган.

Ал эми Мехрибан Алиева тизеден ылдый ак түстөгү көйнөк кийген. Көйнөгүнүн алдына жана канат сымал тигилген жеңине роза гүлүнүн элеси тартылган.

Эки биринчи айымдын тең табигый сулуулугуна басым жасалып, минималдуу макияж колдонулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6435