Өмүрбек Бабанов Токмоктук олигархтын уулун Садыр Жапаров менен тааныштырды
RU

Өмүрбек Бабанов Токмоктук олигархтын уулун Садыр Жапаров менен тааныштырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Өмүрбек Бабанов жана өткөн жумада каза болгон токмоктук олигархтын уулу Шухрат Ибрагимов менен жолугушту. Бул маалыматты Kaktus.media'га президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек тастыктады.

Жолугушуу бүгүн, 10-февралда өттү. Ал расмий эмес мүнөздө өткөндүктөн, пресс-кызмат ал тууралуу жарыя кылган жок.

"Бул таанышуу жолугушуусу болду. Өмүрбек Бабанов анда казакстандык бизнесмен Шухрат Ибргимовду Садыр Жапаровго тааныштырды. Алар Кыргызстанга жасала турган инвестициялар туурасында сүйлөшүштү, бирок баарлашуу көбүнчө, жалпы темалар боюнча жүрдү", - деди Галина Байтерек.

Бул жолугушуу кимдин демилгеси менен өткөндүгү айтылган жок.

Эске салсак, Шухрат Ибрагимов өткөн жумада каза болгон Алиджан Ибрагимовдун уулу. Ал эл арасында токмоктук Граф каймана аты менен таанымал болчу. ММКлардагы маалыматка ылайык, ал "Альянс Алтын" ЖЧКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү, жана Казакстандагы "Евразийский банк" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/643