Болот Темиров Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевге жооп берди
RU

Болот Темиров Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевге жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист Болот Темиров да президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп кайтарды. Буга чейин манасчы Дөөлөт Сыдыков Facebook баракчасына пост жазган болчу. Аны бул жерден окуй аласыз.

Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине интервью берип, ал кечээ, 25-апрелде жарыяланган болчу. Анда ал Болот Темировго каршы козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий берип, мындай деген:

Болот Темировго кылмыш иши үч ай мурда эле ачылган. Бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошол аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Россиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси дагы табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги дагы тастыктады. Мындай жасалма документ жасап алып жоопко тартылып жаткан адамдар жүздөп саналат. Болот Темиров алардын бирөөсү гана. Ишенбесеңер журналисттерден турган комиссия түзүп барып, ИИМден кагаздарын көргүлө. ИИМ көрсөтөт. Жашыруун эмес. Болот Темиров журналист болгон үчүн резонанс жаралып жатат. Эмне бизде "журналист болсоң эле кылмыш кыла бер, жоопко тартылбайсың" деген мыйзам барбы? Башкалардан эмнеси артык? Баары менен бирдей жооп берет. Мыйзам президенттен баштап жөнөкөй жарандар үчүн баарына бирдей. Ушуга баш ийели баарыбыз, ээнбаштык кыла бербей.

Бүгүн Болот Темиров Youtube'дагы Temirov LIFE каналына жообун жарыялап, ага карата айтылган айыптоолорго мындай деп жооп берген:

Азыркы кыйынчылыктар кайратымды, сабырымды, акылымды сынап жатат. Буга чейин деле көптөгөн сыноолордон өттүм: мага кол салышкан, мени коркутушкан, мага кызмат, бийлик, акча сунушташкан.

Бирок, менин жеке принциптерим жана максаттарым бар. Бул Кыргызстандын өнүгүүсү, коррупция менен күрөшүү. Мен эч качан элди алдабайм жана элдин акчасын уурдабайм, дейт журналист Болот Темиров.

"16 жыл мурунку учурга кайтып келели. Алгач КТРде иштеп баштагам, бирок билимимдин жетишсиздигин сезип, Москвага барып окуп, кайра телевидениенин редактору кесиби менен кайткып келгем.

Андан кийин Ак үйгө ишке чакырышты. Документтеримди тапшыргандан кийин тиешелүу органдар бардыгын дыкат текшеришкен.

Бирок бир нерсени кошо айтып кетким келип турат. 2008 жылы, Ак үйгө жаш адис катары келгенимде, ал жерде Садыр Жапаров дагы (Коррупция менен күрөшүү комиссары катары), Камчыбек Ташиев дагы (Өзгөчө кырдаалдар министри катары), жогорку кызматтарда иштеп жүргөн, Акылбек Жапаров болсо Курманбек Бакиевге "ваше превосходительство" деп кайрылып жүргөн кез болчу.

Азыркыга чейин ошол жерде калып, ишимди уланта берсем болмок. Бирок мен башка жолду тандадым. Алардын күнү интрига, калп айтуу, пафос, манипуляция, ачкөздүк, алкымын тыя албагандык, ич күйдүлүк менен өтөт. Алардын принциптери ушундай.

А мен журналисттин жолун тандадым.

Силер мени сындыра албайсыңар. Анткени силерди да кудай жараткан. А кудайдын алдында бардыгыбыз бирдейбиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6485