Президент Башкы прокуратурага суракка чакыртылды
RU

Президент Башкы прокуратурага суракка чакыртылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Башкы прокуратурага суракка чакыртылды. Ал да 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча күбө катары өтүүдө. Бул маалыматты Kaktus.kg'ге Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Садыр Жапаров бүгүн, 27-апрелде чакыртылган, бирок так убактысы айтылган эмес.

Эске салсак, 25-апрелде, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да сурак берген.

2009-2010-жылдары Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу агенттигинин директору болчу. Ал эми 2010-2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышын депутаты болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6495