Кайрат Примбердиев Илон Маскка Кыргызстанды сатып алууну сунуштады
RU

Кайрат Примбердиев Илон Маскка Кыргызстанды сатып алууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Кайрат Примбердиев дүйнө жүзүндөгү эң бай адам деп саналган Илон Маскка кайрылып Кыргызстанды сатып алууну сунуштады.

Ал мындай билдирүүсүн Twitter'деги баракчасына жарыялап: "Илон Маск балким сен Кыргызстанды сатып алып, upgrade (жаңылайсың) жасайсың?", - деп жазган.

Примбердиевдин мындай демилгесин көпчүлүк сынга алды

Kaktus.kg Кайрат Примбердиевге байланышканда анын жубайы Эля жооп берип "Илон Маскка жазгандар толтура. Бул пост жөн гана тамаша ирээтинде жазылган, эч кандай саясий чакырык жок, деп билдирди.

Эске салсак, Илон Маск кечээ 44 миллиард долларга Twitter'ди сатып алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6496