УКМКа шоу көрсөтөттүбү? Күч структуралары кримтөбөл Дженгону камакка алышты (фото)
RU

УКМКа шоу көрсөтөттүбү? Күч структуралары кримтөбөл Дженгону камакка алышты (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бүгүн, 11-февралда, Кадыр Досоновду камакка алды (кримтөбөл, Дженго каймана аты менен таанымал - ред.Kaktus.kg).

УКМК берген маалыматка ылайык, кримтөбөл Досоновду кармоо боюнча атайын издөө иштери жүргөн. Ал өлкөнүн түштүк региону боюнча "смотрящий" болуп саналат.

Кылмыш иши боюнча жүргөн тергөөнүн алкагында Досонов УКМКнын СИЗОсуна жеткирилди.

Буга чейин, Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүмбаева Kaktus.media'га анын жакындарына кысым көрсөтүлө баштаганын, ошондуктан ал УКМКга өзү барганын айтып берген. Ошол эле учурда анын айтымында, УКМК "эл алдында маски-шоу" уюштуруу үчүн Досоновго келүүнү сунуштаган. Кийинчерээк кое берүүнү убада кылышкан, деп адвокат айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/651